# Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы №213 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алынган №196-«Экономикалык субьектерди жана жеке жактарды салыктардан бошотуу жөнүндөгү» токтомуна өзгертүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы №213 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алынган №196-«Экономикалык субьектерди жана жеке жактарды салыктардан бошотуу жөнүндөгү» токтомуна өзгертүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-811/edition/339647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24709.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы №213 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алынган №196-«Экономикалык субьектерди жана жеке жактарды салыктардан бошотуу жөнүндөгү» токтомуна өзгертүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (04.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24709

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депуттатардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сесиясы (II чакырылыш)

2011-жылдын 4-марты №213 Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алынган №196-«Экономикалык субьектерди жана жеке жактарды салыктардан бошотуу жөнүндөгү» токтомуна өзгертүүлөрдү киргизүү жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаардык прокуратурасынын 2010-жылдын 1-ноябрындагы №11/7д-1426-10- Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин №196-токтомуна каршы жолдогон пикирин жана Кыргыз Республикасыньш убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар учун фискалдык префенциялар, жецилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтируу боюнча чаралар жөнүндөгу №77-Декретин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алынган №196- «Экономикалык субьектерди жана жеке жактарды салыктардан бошотуу жөнүндө» токтомунун 1-пункту өзгөртүлүп, төмөндегүдөй редакцияда окулсун:

Ош шаарында 2010-жылдын июнь айында болуп кеткен окуялардын тийгизген туз жана кыйыр таасирин эске алып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин №330 жана №344-беренелерине ылайык Ош шаарындагы бардык экономикалык субьектер жана жеке жактар 2012-жылдын 31-декабрына чейин кыймылсыз мүлкке салынуучу салыктан жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерден алынуучу салыктан бошотулсун. Ал эми бакча чарбагына арналган салыктардан июнь окуясынан жабыр тарткан деп эсептелген экономикалык субьектер жана жеке жактар 2012-жылдын 31-декабрына чейин бошотулсун.

2. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын.

3. Бул токтом шаардык «Ош шамы» гезитине (Б.Матисаков) жарыялансын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы

Д.Алимбеков
