Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга иш планын бекитүү жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүнө толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык Кеңеши кезектеги XXVI сессиясы (экинчи чакырылыш)
2011-жылдын 4-марты №212 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга иш планын бекитүү жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүнө толуктоо киргизүү жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын, аппаратынын сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, ошондой эле бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы №21-токтомун жана сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 .Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга иш планы бекитилсин (№1-тиркеме).
2. Штаттык расписаниеге 2011-жылдын 1-январынан бир чарба башчысы бирдигин киргизүү менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүнө толуктоо киргизилсин.
3. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басылып чыксын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарьшышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси З.М.Сасыкбаевге жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон