# Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-октябрындагы №335 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 «Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-октябрындагы №335 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 «Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 335
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-800/edition/1004288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-октябрындагы №335 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 «Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө " токтому (14.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24671

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-октябры № 335 Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 «Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»,“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 «Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бардык текст боюнча «коммуналдык менчик» деген сөздөр «муниципалдык менчик» деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

- токтомдун жана анын тиркемелеринин бардык тексти боюнча “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеш” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 21-пункттун 3-кичипунктундагы «же саясий» деген сөздөр алып салынсын;

- 30-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;

-40-пункт алып салынсын;

- 43-пункттагы «бул жобо колдонууга киргизилгенге чейин алардын пайдалануусунда турган» деген сөздөр алып салынсын;

- 86-пункттун «а)» кичипункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«а) башкармалыктын депозитине күрөө суммасын төлөө боюнча ижарачынын милдети;».

3. «Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө” жобонун 1- тиркемесинин 2-пункту төмөнкү мазмундагы 4- абзац менен толукталсын:

“ -5 жылга чейинки мөөнөткө келишимдердин шарттарын өзгөртүү менен ижара жана субижара келишимдерин узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;”.

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга (С. Г. Загинайло) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

А. Кайыпов
