Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген „Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө“ жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кенеша от 14 января 2020 года № 143 "Об утверждении Положения о порядке управления объектами движимого и недвижимого имущества, находящимися в муниципальной собственности города Бишкека, и предоставления на них ограниченных вещных прав"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-01-14.
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-октябры № 276 Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин пайдалануунун максималдуу натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объектке чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобонун 138-пунктунун 2-абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттеринин реестри "ММ" тизмесинен жана кийинки толуктоолор менен кабыл алынган "ММ" тизмесинен турат. Реестр төмөнкү негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
- объекттерди сүрөттөө;
- объекттердин жайгашкан ордун көрсөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлеген муниципалдык менчиктин объектине тиешелүүлүгүн далилдөөчү документтер;
- объекттерди пайдаланууга чектөөлөрдүн тизмеги;
- объекттердин баланстык наркы;
- сынакты уткан жактын атын (аталышын), баасын жана башка шарттарды жана рыноктук ижара акы менен ижара келишими боюнча чектөөлөрдү кошо сынактын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар (сынак аркылуу объектти өткөрүп берген учурда);
- мүлккө муниципалдык менчиктин объекттеринин спецификасы жана пайдаланылышы менен байланышкан башка маалымат.
Башкармалык жыл сайын:
- 10-январдан кеч эмес 1-4 Тизмени жана Тизмекти белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке бекитүүгө киргизет;
- 10-февралдан кеч эмес муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрин Бишкек шаардык кеңешке бекитүүгө киргизет;
- реестрди бекитүүнүн алдында Башкармалык өткөн жыл үчүн реестр боюнча Бишкек шаардык кеңешке отчет берет.
Реестр эки нускада бекитилет. Бир нускасы Бишкек шаардык кеңеште, экинчи нускасы Башкармалыкта болот.".
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык мүлк жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков А.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы
М.Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Положение о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в коммунальной собственности города Бишкек (утверждено постановлением Бишкекского…Положение · 22.05.2002 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген…Постановление · 14.01.2020 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-октябрындагы № 30 "“Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк…Постановление · 03.10.2017 · № 30 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 22 мая 2002 года № 127 "Об утверждении Положения о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости…Постановление · 22.05.2002 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген…Постановление · 14.01.2020 · № 143 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон