Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кенеша от 5 апреля 2022 года № 25 "Об утверждении Правил организации пассажирских перевозок автомобильным транспортом в городе Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-05.
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-октябры № 264 Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө Жүргүнчүлөрдү ташуу системасын жакшыртуу, шаардыктарды тейлөө сапатын жана маданиятын көтөрүү, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иштерди тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, Бишкек шаарында транспорт тартибин сактоо үчүн ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш, токтом кылат:
1. Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелери бекитилсин (тиркелет).
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 196 "Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай - коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т.М.Имашовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
М.Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 "Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2022 · № 25
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 "Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2021 · № 8
- Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежеси (Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 264 токтому менен бекитилген)Правила · 13.10.2011 · № 264 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 9 июля 2003 года №196 "Об утверждении Правил организации пассажирских и грузовых перевозок автомобильным траспортом в…Постановление · 09.07.2003 · № 196 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 "Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2022 · № 25
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 9 июля 2003 года №196 "Об утверждении Правил организации пассажирских и грузовых перевозок автомобильным траспортом в…Постановление · 09.07.2003 · № 196 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.