# Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 "Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы N 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 "Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы N 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24625>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-780/edition/447602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24625.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 "Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы N 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө" токтому (17.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24625

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-майы № 232 Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртуу жана өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткаруу жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиктин Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

а) "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө" Типтүү жобо (1-тиркеме);

б) "Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттер жөнүндө" жобо (2-тиркеме). 2012-жылдын 17-майындагы 2-бөлүмүнүн 13-пункту;

в) "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулардын түзүмү" (3-тиркеме).

3. Төмөнкүлөр аткарылган катары контролдон алынып салынсын:

а) Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 43 "Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы № 465 "Муниципалдык аймактык башкаруулар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 1-, 2-, 8-, 9-кичи пункттары жана 5-пункту;

б) "Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" токтому.

4. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

а) 2006-жылдын 21-февралындагы № 183 "Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө жобо тууралу";

б) 2008-жылдын 10-июнундагы № 465 "Муниципалдык аймактык башкаруулар жөнүндө";

в) 2009-жылдын 2-декабрындагы № 102 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 43 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-июнундагы № 465 "Муниципалдык аймактык башкаруулар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө".

5. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине М.А.Исмаиловго жана Бишкек шаардык кеңештин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Т.Шабдановго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

М.Аманкулов

Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 токтомуна 3-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШАТТЫК САНЫ

Кызматтардын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Начальник

1

Начальниктин орун басары

1

Башкы адис

2

Жетектөөчү адис

2

Адис

2

Техникалык жактан тейлөөчү жумушчулар

2

Бардыгы

10

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси

Э.Нурдавлетов
