# Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 265" Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 265" Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 265
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24617>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-776/edition/402041/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24617.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 265" Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (26.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24617

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-октябры №265 Бишкек шаардык кенештин 2011-жылдын 17-майындагы «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Жүргүнчү транспортунун ишинде мындан ары туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле коомдук транспортто (автобус, троллейбус) жүрүүгө бирдиктүү айлык жүрүү билеттерин киргизүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 225 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

-3-пункттун 1-кичи пунктунда «150» деген сан «175» саны менен алмаштырылсын; -3-пункт төмөнкү мазмундагы кичи пункту менен толукталсын: «автобус, троллейбус (бирдиктүү) 495,00 сом.»

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кенештин транспорт жана коммуникация, турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетика комплекси боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т.М. Имашовго жүктөлсүн.

Төрага

А. Аманкулов
