# Бишкек шаардык кенешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 206 "Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кенешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 206 "Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 206
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24606>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-766/edition/333045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24606.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кенешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 206 "Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө" токтому (03.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24606

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 3-декабры № 206 Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480-XII "Салык эмес жыйымдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, шаардын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Бишкек шаардык кенеш токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын чени бир коюу орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн 25 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- автотранспорт токтотуу үчүн акынын Бишкек шаарынын бюджетине түшүүсүн толук көлөмдө камсыздасын;

- акы төлөөнүн өлчөмүн көрсөтүү менен ар бир муниципалдык токтотмону маалыматтык щиттер менен камсыздасын;

- калкты массалык маалымат каражаттары аркылуу муниципалдык токтотмолордун иши жөнүндө маалымдасын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (М.А.Аманкулов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу

В.Лисниченко
