Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кенешинин «Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 3-декабры № 206 Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480-XII "Салык эмес жыйымдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, шаардын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Бишкек шаардык кенеш токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын чени бир коюу орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн 25 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- автотранспорт токтотуу үчүн акынын Бишкек шаарынын бюджетине түшүүсүн толук көлөмдө камсыздасын;
- акы төлөөнүн өлчөмүн көрсөтүү менен ар бир муниципалдык токтотмону маалыматтык щиттер менен камсыздасын;
- калкты массалык маалымат каражаттары аркылуу муниципалдык токтотмолордун иши жөнүндө маалымдасын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (М.А.Аманкулов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу
В.Лисниченко
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон