# Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 12-декабрындагы "Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 12-декабрындагы "Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-760/edition/333287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 12-декабрындагы "Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому (03.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24600

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 3-декабры № 197 "Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы № 330 "Кыргыз Республикасында турак жай-коммуналдык чарба жана турак-жай мамилелерине тиешелүү болгон нормативдик актыларды тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде, борбор шаардын лифт чарбасын тиешелүү техникалык жактан тейлөөнү камсыздоо жана өз убагында капиталдык-калыбына келтирүү ремонт иштерин жүргүзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. "Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- жогоруда аталган жобо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте лифттерди жана лифт диспетчердик жайларды муниципалдык менчикке кабыл алууну ишке ашырсын;

- көрсөтүлгөн кызматтарга бекитилген тарифтерге ылайык муниципалдык менчикке кабыл алынуучу лифттерди күтүүгө жана техникалык жактан тейлөөгө тийиштүү чыгымдарды 2011-жылга карата шаардык бюджетте карасын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.В.Красиенкого жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу

В.М.Лисниченко
