# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-мартындагы №119/ХVIII-25 "2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге жер салыгынын чегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-мартындагы №119/ХVIII-25 "2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге жер салыгынын чегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119/XVIII-25
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-759/edition/452316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-мартындагы №119/ХVIII-25 "2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге жер салыгынын чегин бекитүү жөнүндө" токтому (29.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24594

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХV чакырылган ХVIII сессиясы

2011-жылдын 29-марты №119/ХVIII-25 2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге жер салыгынын чегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338 жана 339- беренесинин негизинде “2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге жер салыгынын чегин бекитүү жөнүндө” маселени карап көрүп ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге салыкты эсептешүү үчүн Ак-Кудук айылдык округунун аймагында К1=1 коэффициенти бекитилсин.

2. Ак-Кудук айылдык округундага Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн салык инспектору айыл чарбалык эмес белгиленген жерлерге ушул токтомду колдонмо кылып жер салыгын эсептөөнү жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В.Я.Тарасовго жүктөлсүн.

Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы

М.В. Ким
