# Жалал-Абад шаардык кенешинин 2010-жылдын 13-июлундагы № 2 "Муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын жана менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндѳ"токтому

- Толук аталышы: Жалал-Абад шаардык кенешинин 2010-жылдын 13-июлундагы № 2 "Муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын жана менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндѳ"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-692/edition/333973/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалал-Абад шаардык кенешинин 2010-жылдын 13-июлундагы № 2 "Муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын жана менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндѳ"токтому (13.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24477

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ

2010-жылдын 13-июлу №2

Муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын жана менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндѳ Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан 18.05.2010-жылдагы жазылган №455-катынын негизинде жана шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Т.Каратаевдин маалыматын эске алып, КРсынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна ылайык депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин 2010-2011-жылдарга башкаруу концепциясы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. 2010-2011-жылдарга муниципалдык менчиктеги мүлктүн жана объектилердин менчиктештирүү программасы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Т.Касымов) ишмердүүлүгүндө жогоруда айтылган Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин 2010-2011-жылдарга башкаруу концепциясы жана муниципалдык менчиктеги мүлктүн жана объектилердин менчиктештирүү программасын колдонуу жагы милдетендирилсин

4. Ушул буйруктун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысы-юристи Б.Абдыловго милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом кол коюлган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Тѳрага

Т.Энназаров
