Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХIV СЕССИЯСЫ (II чакырылышы)
2010-жылдын 30-июлу № 187 Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 27-январындагы № 27/08-11- Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелерин бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2010-жылдын 4-мартындагы №1-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежеси №1-тиркемеге ылайык;
- Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети №2-тиркемеге ылайык;
- сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотууга берилүүчү арыздын үлгүсү №3-тиркемеге ылайык;
- сырткы жарнак обьектисин орнотууга уруксаттын формасы (техникалык паспорт) №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча эсептөө төлөмдөру 2010-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.
3. Ош шаардык архитектура жана шааркурулуш башкармалыгы (А.Абдыкадыров) жана Ош шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш башкармалыгы (Н.Баетов) тарабынан берилүүчү макулдашуу корутундусу муниципалдык менчик башкармалыгы официалдуу кайрылган күндөн тартып 10 иш күн убактысында даярдалуусу милдеттендирилсин.
4.Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Салиев)
- шаардагы маалыматтык афишаларды таркатууну жана илүүнү тартипке келтирүү максатында атайын такталардын жана аларды орнотуу долбоорун үч айлык мөөнөттө даярдап депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунуштоо милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөр депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер,айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары
С.Аматова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 "Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн…Постановление · 25.12.2019 · № 213
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 189 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Постановление · 11.06.2019 · № 189