Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кенешинин «Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы №54 „Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ченин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 20-февралы №149
"Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы №54 "Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ченин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жеке жактардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды администрациялоо механизмин жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы №54 "Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ченин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- токтомдун 2-пунктундагы "2010" деген сан "2013" деген санга алмаштырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- жеке жактардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды администрациялоо механизмин иштеп чыксын;
- жыйымдын бул түрүнүн түшүүсүн эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 29-декабрындагы №134 "2010-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2011- 2012-жылдарга карата божомолу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Аманкулов М.А.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы
А. Э. Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.