# КР Президентинин 2000-жылдын 8-октябры ПУ № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Указы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2000-жылдын 8-октябры ПУ № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 279
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-390/edition/541170/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2000-жылдын 8-октябры ПУ № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Указы (27.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2441

---

КР Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы ПЖ № 126 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2000-жылдын 8-октябры ПУ № 279 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 27-ноябрындагы ПУ № 344 Жарлыгынын, 2002-жылдын 31-декабрындагы ПУ № 398 Жарлыгынын, 2005-жылдын 14-январындагы ПЖ № 14 Жарлыгынын, 2006-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 167 Жарлыгынын, 2006-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ № 189 Жарлыгынын, 2006-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 392 Жарлыгынын, 2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Коргонуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигиндеги жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлеген аскердик кызмат орундарынын тиркелген Тизмеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 167 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 13-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетин түзүү жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

5. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы ПУ № 279 Указы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигиндеги

жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлеген

аскердик кызмат орундарынын

ТИЗМЕСИ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

| № | Кызмат орундарынын аталыштары | Кызмат орундарынын саны |
| --- | --- | --- |
| 1. | Коргоо министри | 1 |
| 2. | Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги - коргоо министринин биринчи орунбасары | 1 |
| 3. | Коргоо министринин биринчи орунбасары | 1 |
| 4. | Коргоо министринин орунбасары | 2 |
| 5. | Башкы башкарманын начальниги | 4 |
| 6. | Топтун колбашчысы | 2 |
| 7. | Кыргыз Республикасынын абадан кол салуудан коргоо Күчтөрүнүн колбашчысы | 1 |
| 8. | Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Ү.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскердик окуу жайынын начальниги | 1 |
