Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кенешинин «Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №121 „Бишкек шаарынын аймагында жургунчулер транспортунун кыимылын тартипке келтируу боюнча чаралар жвнундв“ толуктоолорду киргизуу жонундо» Токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 29-марты № 173
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 "Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагында бирдиктүү транспорт саясатын жүргүзүү, жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү, жөнгө салуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 "Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
2-пункттагы:
- д) кичи пунктунда "Курманжан Датка, Осмонкул көчөлөрү боюнча түндүк-чыгыш багыттагы" деген сөздөрдөн кийин "Курманжан Датка көчөсү, Жибек Жолу проспектиси" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Шабдан Баатыр, Курманжан Датка, Салиева жана Осмонкул көчөлөрү боюнча түштүк-чыгыш багыттагы" деген сөздөрдөн кийин "Шабдан Баатыр көчөсү, Курманжан Датка көчөсү жана Жибек Жолу проспекти" деген сөздөр менен толукталсын.
- е) кичи пунктунда "айланып өтүү жолу, Махатма Ганди көчөсү жана Жибек Жолу проспектиси боюнча төмөнкү батыш багыттагы" деген сөздөрдөн кийин "Дэн Сяопин проспекти Интергельпо көчөсү, Москва көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу проспекти, Дэн Сяопин проспекти, Фучик көчөсү, Жибек Жолу проспекти" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (Малабаев А.Дж.) жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугу бөлүмү (Поляк Л.Б.) өздүк ченемдик-укуктук актыларын бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
А.Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык Кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №121 "Бишкек шаарынын аймагында жургунчулор транспортунун кыймылын тартипке келтируу боюнча чаралар жонундо" токтомуПостановление · 02.12.2009 · № 121
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон