Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Ош шаардык кенешинин «Даңк аллеясын» түзүү жөнүндө « токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИЩН КЕЗЕКСИЗ XX СЕССИЯСЫ (II чакырылышы)
2010-жылдын 9-марты № 165 "Даңк аллеясын" түзүү жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 5-мартындагы №89/08-6 депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жана Ош шаардык мэриясынын жайгашуусу пландаштырылып жаткан имараттын алдындагы парктын айланасында "Даңк аллеясын" түзүү жана А.Орозбеков менен С.Ибраимовдун эстеликтерин ошол аллеяга кэчүрүү жөнүндөгү катын карап чыгып, Ош шаарынын гүлдөп-өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы, коомдук-саясий турмушунда ээлеген өзгөчө орду бар көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлердин эстеликтерин түбөлүккө калтыруу, алардын басып өткөн өмүр жолун жана ишмердигин келечектеги муундарга жеткирүү максатында, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында "Даңк аллеясын" түзүүгө макулдук берилсин.
2. 0ш шаарынын "Даңк аллеясы" жөнүндө" Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.А.Орозбеков менен С.Ибраимовдун эстеликтерин Ош шаарынын "Даңк аллеясына" көчүрүүгө макулдук берилсин.
4.Ош шаардык мэриясы (М.Мырзакматов) көрүнүктүү ишмерлердин эстеликтерин "Ош шаарынын Данк аллеясына" жайгаштыруу боюнча комиссиянын иштөө тартиби жөнүндөгү Жобону жана комиссиянын курамын бир айлык мөөнөттө даярдап депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунуштасын.
5."Даңк аллеясын" түзүүгө, А.Орозбеков жана С.Ибраимовдун эстеликтерин жогорудагы аллеяга көчүрүүгө кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
6."Даңк аллеясын" түзүү, А.Орозбеков жана С.Ибраимовдун эстеликтерин жогорудагы аллеяга көчүрүүнүн долбоорун даярдоо Ош шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына (А.Абдыкаров) милдеттендирилсин.
7."Даңк аллеясын" түзүү, А.Орозбеков жана С.Ибраимовдун эстеликтерин ошол аллеяга көчүрүү иштери Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына (У.Матисаков) милдеттендирилсин.
8.Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
9.Бул токтом «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жана Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жүктөлсүй.
Депутаттардын Ош шаардык Кенештин төрагасы
Д.Алимбеков
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 9-мартындагы кезексиз XX сессиясынын №165-токтомунун №1-тиркемеси
«Ош шаарынын Даңк аллеясы жөнүндө» ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1 Кыргыз Республикасынын, Ош облусунун жана Ош шаарынын гүлдөп -өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы, коомдук-саясий турмушунда ээлеген өзгөчө орду бар көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлердин (мындан ары -көрүнүктүү ишмерлер) эстелигин түбөлүк калтыруу,эстеликти коргоо, сактоо, алардын басып өткөн өмүр жолун жана ишмердигин келечектеги муундарга жеткирүү максатында «Ош шаарынын Даңк аллеясы» уюштурулат.
1.2 «Ош шаарынын Даңк аллеясындагы» иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндөгү» Мыйзамынын, «Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндөгү» Жобонун, Ош шаарынын мэриясынын, Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин чечимдеринин, ошондой эле ушул Жобонун негизинде жүргүзүлөт.
1.3 Коомдук-тарыхый мааниси бар обьектилердин бузулбай сакталышын камсыз кьшуу үчүн «Ош шаарынын Даңк аллеясынын» өзгөчө кайтаруудагы статусу белгиленет. «Ош шаарынын Даңк аллеясынын» аймагында жайгашкан жер, парк зонасы, имараттар, курулуштар жана коммуникациялар аларды күтүүнүн жана пайдалануунун өзгөчө режиминде болот.
1.4 «Ош шаарынын Даңк аллеясынын» корук зонасынын аймагындагы тарыхый мурастардын обьектилерине, табигый, тарыхый чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон, «Ош шаарынын Даңк аллеясынын» максаттарына ьшайык келбеген ар кандай иш-аракеттерге тыюу салынат.
1.5 «Ош шаарынын Даңк аллеясы» Ош шаарынын муниципалдык менчиги болуп саналат.
1.6 «Ош шаарынын Даңк аллеясын» коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик орган болуп Ош шаардык маданият башкармалыгы саналат.
«Ош шаарынын Даңк аллеясын» коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органга анын компетенциясына ылайык төмөндөгү милдеттер жүктөлөт:
- көрүнүктүү ишмерлердин эстеликтеринин эсебин алуу;
- коргоо жана пайдалануу режимин, анын аймагын жана корук зонасын аныктоо;
- коргоо, изилдөө жана реставрациялоо боюнча илимий-методологиялык иштерге жетекчилик кьшуу;
- көрүнүктүү ишмерлердин эстеликтерин реставрациялоо, консервациялоо жана оңдоп-түздөө иштерин пландаштыруу жана уюштуруу;
- жумуштардын бардык түрлөрүнө илимий-изилдөө жана долбоорлоо иш-кагаздарын тактоо;
- коргоо жана пайдалануу иштерин уюштуруу жана пропагандалоо;
- менчигинин түрүнө карабастан ишкана, мекеме жана уюмдар тарабынан «Ош шаарынын Даңк аллеясындагы» эстеликтерди коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо боюнча эрежелердин, инструкциялардын жана көрсөтмөлөрдүн аткарылуусун текшерүү жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берүү;
- уруксатсыз же бекитилген долбоордон четтөө менен жүргүзүлгөн учурларда изилдөө, реставрация, консервация, оңдоп-түздөө иштерин токтотуу;
- көрүнүктүү ишмерлердин эстеликтери үчүн кооптуу жагдай түзүлгөн учурларда курулуш, мелиоративдик, жол куруу жана башка жумуштарды токтотуу.
1.7 «Ош шаарынын Даңк аллеясын» коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органынын эстеликтерди коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо боюнча эрежелери, инструкциялары жана көрсөтмөлөрү менчигинин түрүнө карабастан ишкана, мекеме жана уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
1.8 Өрт коопсуздугунун жана санитардык көзөмөлдүн «Ош шаарынын Даңк аллеясына» байланышкан талаптары милдеттүү түрдө «Ош шаарынын Даңк аллеясын» коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органы менен макулдашылууга тийиш.
2. Көрүнүктүү ишмерлердин эстеликтерин «Ош шаарынын Даңк
аллеясына» жайгаштыруунун негиздери жана тартиби
2.1 .Көрүнүктүү ишмерлердин эстеликтерин «Ош шаарынын Дацк аллеясына» жайгаштыруунун негиздери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын, Ош облусунун жана Ош шаарынын элинин тынчтыгы, жыргал турмушу, келечеги үчүн жасаган эрдиги;
- мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, чарбалык, коомдук жана башка тармактардагы ишмердиги менен Кыргыз Республикасынын, Ош облусунун жана Ош шаарынын гүлдөп-өнүгүшүнө көрүнүктүү эмгек сиңиргендиги жана эмгеги Кыргызстан эли тарабынан кецири колдоого алынып, тааньшгандыгы.
2.2 Көрүнүктүү ишмерлердин эстеликтерин «Ош шаарынын Дацк аллеясына» жайгаштыруу боюнча сунуш депутаттардын Ош шаардык Кецешинин депутаттары, Ош шаарынын мэриясы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймактык органдары, ошондой эле ар кандай уюмдар, коомдук бирикмелер жана жеке атуулдар тарабынан киргизилүүсү мүмкүн. Сунушка көрүнүктүү ишмерлердин өмүр таржымалын жана жасаган иштерин камтыган архивдик материалдар (нотариалдык тастыкталган), ар кандай жолдор менен такталган коомдук пикир жана долбоордук (эскиздик) иш-кагаздар тиркелүүсү зарыл.
2.3 Депутаттардын Ош шаардык Кецеши, Ош шаарынын мэри көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин «Ош шаарынын Дацк аллеясына» жайгаштыруу боюнча сунушту Ош шаардык Кецешинин токтомунун долбоору катары киргизе алат.
2.4 Көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин «Ош шаарынын Дацк аллеясына» жайгаштыруу боюнча сунуш депутаттардын Ош шаардык Кецешине жекече түрдө киргизилет жана Ош шаардык Кецешинин сессиясында каралат.
2.5 Көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин «Ош шаарынын Дацк аллеясына» жайгаштыруу боюнча чечим депутаттардын Ош шаардык Кецешинин сессиясында депутаттардын көпчүлүк добушунун негизинде ачык же жабык добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана депутаттардын Ош шаардык Кецешинин токтому менен бекитилет.
2.6 Көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин «Ош шаарынын Дацк аллеясына» жайгаштыруу боюнча уюштуруучулук ишти, келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясы (мындан ары - комиссия) ишке ашырат.
2.7. Комиссиянын курамы Ош шаарынын мэри, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы жана депутаттардын сунушу менен, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилет.
2.8. Комиссия депуттардын Ош шаардык Кеңешинин жана Ош шаарынын мэриясынын жумушчу органы болуп эсептелет жана өз ишмердигин ушул Жобого жана Ош шаардык Кеңешинин, Ош шаардык мэриясынын башка укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
3. Комиссиянын милдеттери, укуктары жана ишмердиги
3.1 Кыргыз Республикасынын, Ош облусунун жана Ош шаарынын гүлдөп-өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы бар көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлердин эстелигин сактап калтыруу комиссиянын башкы милдети болуп саналат.
Комиссия: -көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин сактап калтыруу боюнча сунуштарды карайт жана аларды депуттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясынын кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабьш алат же четке кагат; -көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин сактап калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарьшышын камсыз кылат; -көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин сактап калтыруу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт; -көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин сактап калтыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коомдук уюмдардын өз ара аракеттерин жөнгө салат; -көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин сактап калтыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүн комиссиянын жыйынында уга алат; -көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин сактап калтыруу маселелери боюнча эксперттик баа берүү максатында белгиленген тартипте адистерди жана илимпоздорду чакыра алат.
3.2 Комиссиянын жыйындары зарьшчылыгына жараша, ар алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйынды комиссиянын төрагасы, ал жок учурда төраганын орун басары өткөрөт.
Комиссиянын жыйыны комиссиянын курамынын үчтөн экиден кем эмес мүчөлөрү катышкан учурда ыйгарымдуу деп эсептелет.
3.2 Комиссиянын чечимдери жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушунун негизинде кабьш алынат жана жыйындын протоколу депутаттардын Ош шаардык Кенешинин кароосуна негизделген сунуш катары жөнөтүлөт.
3.3 Комиссиянын ишмердиги анын жумушчу органы болгон Ош шаардык маданият башкармалыгы, комиссиянын жооптуу катчысы аркылуу жүргүзүлөт.
Комиссиянын жооптуу катчысы болуп кызматы боюнча Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы эсептелет.
3.4 Белгиленген тартипте даярдалган сунуштар комиссияга анын жыйынынан бир ай мурун берилүүгө тийиш.
3.5 Комиссиянын ишмердигинин ачык-айкын болуусу үчүн анын жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттары чакырылуусу мүмкүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин аппарат жетекчиси
З.Сасыкбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Постановление Правления Национального банка КР от 1 декабря 2004 года № 31/3 "Об "Инструкции по работе первичных дилеров с государственными казначейскими векселями"Постановление · 01.12.2004 · № 31/3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-февралындагы ПЖ №46 "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу…Указ · 11.02.2010 · № 46 · Күчүн жоготкон