Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укукту Ош шаарынын жарандарынын категориясын бекитүү жөнүндө»токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ (II чакырылышы)
2010-жылдын 5-февралы № 157 Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укукту Ош шаарынын жарандарынын категориясын бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 15-январындагы № 13-08-4 Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу Ош шаарынын жарандарынын категориясын бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы №1 жана Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук - энергетикалык комплекси жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 1-февралындагы №1-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу Ош шаарынын жарандарынын категориясы төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
а). Жолкире акысыз жүрүүчүлөр:
- Жашы боюнча пенсияга чыккан Ош шаарынын жараандары;
- Ош шаарынын Ардактуу атуулдары;
- Ош шаарынын аймактык Кеңештеринин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар соттору;
- Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын социалдык кызматкерлери (17 адам);
- Ош шаарындагы кургак учук менен күрөшүү борборунун медициналык кызматкерлери (23 адам);
- шаардык "Ош шамы" гезитинин журналисттери (14 адам).
б). Жеңилдетилген жолкире акысын 1 сомдон төлөөчүлөр:
- Ош шаарынын мектеп окуучулары.
2. Бул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.