Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын чакыруу жөнүндө»токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ (II чакырык)
2010-жылдын 5-февралы № 152
Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы №8 "Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө" Жарлыгын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Мыйзамынын 55-беренесине ылайык жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жергиликтүү Курултайы 2010-жылдын 12-февралында чакырылсын.
2. Ош шаарынын жергиликтүү Курултайынын төмөндөгүдөй күн тартиби бекитилсин: 2010-жылдын 23-мартына чакырылган Кыргыз Республикасынын биринчи Ынтымак Курултайына делегаттарды шайлоо.
3.Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиянын курамы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Ош шаарынын жергиликтүү Курултайынын делегаттыгына аймактык кеңештерден жана "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынан 430 адамдан бир делегат сунуштоо каралсын.
5. Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүү графиги №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 5-февралындагы №152-токтомуна №1-тиркеме
Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиясынын курамы
1. Аланов Арфидин - Ош шаарынын биринчи вице-мэри, Комиссиянын Аланович төрагасы;
2. Казиев Айдарбек - Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси,Калыевич уюштуруу Комиссиясынын төрагасынын орун басары;
3. Бекенов Исламидин - Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери Абдиевич жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
4. Асанов Авазбек - Ош шаардык Кеңешинин депутаты:Раимжанович
5. Иминов Аманылло - Ош шаардык Кеңешинин депутаты: Розыбаевич
6.Омурзаков Маматемин - Ош шаардык мэриясынын аймактык кеңештердин Тентимишевич иштерин координациялоо секторунун башчысы;
7.Ташыбаев Курманбай - Ош шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;
8. Алдакулов Тургунбай - шаардык "Ош шамы" гезитинин башкы редактору.
9.Назирдинов Низами - Ош шаардык жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы;
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
З.Сасыкбаев
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 5-февралындагы №152-токтомуна №2-тиркеме
Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун биринчи Ынтымак Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүүнүн ГРАФИГИ
№
Жыйындын өтүүчү жайы
Өтүүчү күнү
убактысы
Жооптуулар
1
№1 "Туран" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж
10:00
Ходжахунов И.;Омурзаков М.Т
2
№2 "Достук" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж
15:00
Солпуев Б.;Бекенов И.А.
3
№3 "Сулайман Тоо" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж.
10:00
Абдумажитов Д.; Ташыбаев К.Т
4
№4 "Ак Тилек" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж
10:00
Гафуров П.;Алдакулов Т.А
5
№5 "Керме Тоо" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж
10:00
Кумбаев Н.;Асанов А.Р
6
№6 "Манас Ата" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж.
10:00
Сардалов А.;Алдакулов Т.А
7
№7 "Алымбек Датка" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж
15:00
Абдуллаев Н.;Омурзаков М.Т
8
№8 "Ак Буура" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж
15:00
Исмаилов М.;Асанов А.Р
9
№9 "Амир Тимур" аймактык кеңеши
6.02. 2010-ж
10:00
Худайбердиев С.;Назирдинов Н
10
№10 "Курманжан Датка" аймактык кеңеши
6.02.2010-ж
10:00
Карашев А. ;Иминов А.Р
11
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы
6.02.2010-ж
10:00
Ражапов М.Р.;Бекенов И.А
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
З.Сасыкбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы №8 "Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.01.2010 · № 8 · Күчүн жоготкон