Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Ош шаарындагы муниципалдык ишканалардын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндө»токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIХ СЕССИЯСЫ (II чакырылышы)
2010-жылдын 11-февралы № 163 Ош шаарындагы муниципалдык ишканалардын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине келип түшкөн Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 16-январындагы №13/08-06-Ош шаарындагы муниципалдык ишканалардын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкулап Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №22-"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндөгү" токтомуна, Кыргыз Республикасыныны "Эмгек Кодексинин" 115-беренесине ылайык, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы № 2-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аткарган жумушунун өзгөчөлөгүнө байланыштуу Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын, Ош "Шаарсвет" ишканасынын жана Ош шаарынын атуулдарды тейлөөчү бюросунун кенже тейлөөчү кызматкерлеринин жасаган жумушунун көлөмүнө, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушу үчүн кошумча эмгек акысы 2010-жылга бекитилген бюджетининин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Ош шаарындагы жогоруда аталган муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, кенже тейлөөчү кызматкерлерине жасаган жумушунун көлөмүнө жана нормадан тышкары жумушчу күнү үчүн эсептерди тийиштүү нормативтик иш кагаздары боюнча эсептеп чыгарсын жана ал эсептер Ош шаардык финансы башкармалыгы менен макулдашылсын.
3. Ош шаардык финансы башкармалыгына (Абдыкадыров К.), жогоруда аталган муниципалдык ишканалар тарабынан берилген тийиштүү эсептер каралып, бекитилип берилсин.
4. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
5. Ушул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы № 2 "Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2010 · № №2
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү…Постановление · 23.01.2008 · № 22 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон