# Ош шаардык кенешинин 2010-жылдын 11-февралындагы №158 "Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кенешинин 2010-жылдын 11-февралындагы №158 "Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-609/edition/333196/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кенешинин 2010-жылдын 11-февралындагы №158 "Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берүү жөнүндө токтому (11.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24387

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIХ СЕССИЯСЫ (II чакырылышы)

2010-жылдын 11-февралы № 158 Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы №8-"Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө" Жарлыгын, Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиянын 2010-жылдын 8-февралындагы №2 чечиминин негизинде жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берилсин.

2. Шайланган делегаттардын мандаттарын даярдоо жана аларды мандат ээлерине тапшыруу Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиясына (А.Аланов) тапшырылсын.

3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).

4. Ушул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелеи боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.

Депутаттардын Ош шардык Кеңешинин төрагасы

Д.Алимбеков
