Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берүү жөнүндө токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIХ СЕССИЯСЫ (II чакырылышы)
2010-жылдын 11-февралы № 158 Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы №8-"Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө" Жарлыгын, Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиянын 2010-жылдын 8-февралындагы №2 чечиминин негизинде жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берилсин.
2. Шайланган делегаттардын мандаттарын даярдоо жана аларды мандат ээлерине тапшыруу Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиясына (А.Аланов) тапшырылсын.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
4. Ушул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелеи боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шардык Кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы №8 "Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.01.2010 · № 8 · Күчүн жоготкон