# Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы №137 "Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жонундо" токтомуна озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо"токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы №137 "Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жонундо" токтомуна озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-606/edition/337635/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы №137 "Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жонундо" токтомуна озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо"токтому (29.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24384

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-декабрындагы №137 Бишкек шаардык кеӊештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жѳнүндѳ" токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын "Керектѳѳчүлѳрдүн укуктарын коргоо жѳнүндѳ", "ѳндүрүш таштандылары жана керектүүлѳр жѳнүндѳ" мыйзамдарына ылайык жана Бишкек шаарынын санитардык экологиялык абалын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеӊеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеӊештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандылар ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жѳнүндѳ" токтомуна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун бардык тексти боюнча "зыянсыздандыруу" деген сѳз "кѳмүү" деген сѳз менен алмаштырылсын;

-1-пункттун 4-абзацындагы "6,0" деген сан "30,0" деген сага алмаштырылсын;

- 2-пункттагы "1,0 куб.м." деген сѳздѳрдѳн кийин "анын ичинде кѳмүү боюнча кызмат кѳрсѳтүүгѳ 30,0 сом" деген сѳздѳр менен толукталсын:".

2. Бул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жѳнѳтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетика комплекси, транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.Б.Токторбаевге жүктѳлсүн.

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

А. Суракматов
