Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана зыянсыз кылууга тарифтер жөнүндө Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-сентябры № 95 Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана зыянсыз кылууга тарифтер жөнүндө (Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 137 токтомунун редакциясы) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамына ылайык, борбордун санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын финансылык абалын стабилдештирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. 2009-жылдын 1-октябрынан тартып катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана кѳмүү төмөндөгүдөй тарифтер бекитилсин:
- Бишкек шаарында жашаган калк үчүн бир айда бир адамдан 15,0 сом өлчөмүндө;
- Бишкек шаарында жашаган пенсионерлери үчүн бир айда бир адамдан 4,0 сом өлчөмүндө;
- менчиктин түрүнө карабастан өзү ташып чыгаруу менен алектенген Бишкек шаарынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн 1,0 куб.м. үчүн 30,0 сом өлчөмүндө.
(Бишкек шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрыдагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 1,0 куб.м. анын ичинде кѳмүү боюнча кызмат кѳрсѳтүүгѳ 30,0 сом үчүн 150,0 сом өлчөмүндө тариф катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана кѳмүү төмөндөгүлөргө бекитилсин:
- Бишкек шаарынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн 2009-жылдын 1-октябрынан тартып;
- Бишкек шаарынын бюджеттик уюмдары үчүн 2010-жылдын 1-январынан тартып.
(Бишкек шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрыдагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
- катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана кѳмүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга калктан жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден каражаттарды толук чогултуу-камсыз кылсын;
- Бишкек шаарынын аймагынан катуу тиричилик таштандыларды сапаттуу жана өз убагында ташып чыгарууну камсыз кылсын;
- Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссия менен бирдикте көз карандысыз эксперттерди тартуу менен катуу тиричилик таштандылардын топтолуу ченемин жана катуу тиричилик таштандылардын түзүлүш көлөмүн эсептөө методикасын, «Катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга каражаттарды чогултуу тартиби жөнүндө» жана «Таштандылар полигонунда катуу тиричилик таштандыларды кѳмүү (утилизациялоо) тарифтери жөнүндө» жоболорду иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзсүн жана аларды Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 15-январындагы № 391 «Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана утилизациялоого тарифтер жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.Б.Токторбаевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
А. Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы №137 "Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып…Постановление · 29.12.2009 · № 137
- Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 144 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарга тарифтер жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2015 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 15 января 2008 года № 391 "О тарифах на вывоз и утилизацию твердых бытовых отходов в городе Бишкек"Постановление · 15.01.2008 · № 391 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы №137 "Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып…Постановление · 29.12.2009 · № 137
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 15 января 2008 года № 391 "О тарифах на вывоз и утилизацию твердых бытовых отходов в городе Бишкек"Постановление · 15.01.2008 · № 391 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон