# Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №124 "Курулуп буткон жеке турак уйлорду эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштеген комиссия тузуу жонундо" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №124 "Курулуп буткон жеке турак уйлорду эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштеген комиссия тузуу жонундо" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-581/edition/332242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №124 "Курулуп буткон жеке турак уйлорду эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштеген комиссия тузуу жонундо" токтому (02.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24359

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 2-декабры N 124 Курулуп бүткөн жеке турак үйлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштөөчү комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-августундагы N 394 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкарууна ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарылган укуктардын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аларды эксплуатациялоонун өз алдынча мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу, курулуп, реконструкцияланып бүткөн жеке турак үйлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн.

Комиссиянын төрагасы:

- Жеке турак жай куруу департаментинин директору.

Комиссиянын мүчөлөрү:

- тийиштүү райондордун башкы архитектору;

- долбоордун автору;

- заказчы;

- подрядчы;

- санитардык эпидемиологиялык станциянын өкүлү;

- тийиштүү райондун өрткө каршы кызматтын өкүлү;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органынын өкүлү.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизсин:

- курулуп, реконструкцияланып бүткөн жеке турак үйлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын жобосун жана иш регламентин;

- курулуп, реконструкцияланып бүткөн жеке турак үйлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу боюнча типтүү актыны.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы В.А.Дашковго жана Бишкек шаарынын вице мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

А.Суракматов
