Бишкек шаардык кенешинин «Курулуп буткон жеке турак уйлорду эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштеген комиссия тузуу жонундо» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 2-декабры N 124 Курулуп бүткөн жеке турак үйлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштөөчү комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-августундагы N 394 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкарууна ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарылган укуктардын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аларды эксплуатациялоонун өз алдынча мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу, курулуп, реконструкцияланып бүткөн жеке турак үйлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн.
Комиссиянын төрагасы:
- Жеке турак жай куруу департаментинин директору.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- тийиштүү райондордун башкы архитектору;
- долбоордун автору;
- заказчы;
- подрядчы;
- санитардык эпидемиологиялык станциянын өкүлү;
- тийиштүү райондун өрткө каршы кызматтын өкүлү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органынын өкүлү.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизсин:
- курулуп, реконструкцияланып бүткөн жеке турак үйлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын жобосун жана иш регламентин;
- курулуп, реконструкцияланып бүткөн жеке турак үйлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу боюнча типтүү актыны.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы В.А.Дашковго жана Бишкек шаарынын вице мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
А.Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-августундагы № 394 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусна ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2005 · № 394 · Күчүн жоготкон