# Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №122 "Кичи автобус каттамдарында жашы боюнча Бишкек шаарынын пенсионерлерине женилдетилген журуулорду беруу жонундо"токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №122 "Кичи автобус каттамдарында жашы боюнча Бишкек шаарынын пенсионерлерине женилдетилген журуулорду беруу жонундо"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-579/edition/1194540/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №122 "Кичи автобус каттамдарында жашы боюнча Бишкек шаарынын пенсионерлерине женилдетилген журуулорду беруу жонундо"токтому (28.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24357

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 2-декабрындагы №122 Кичи автобус каттамдарында жашы боюнча Бишкек шаарынын пенсионерлерине женилдетилген жүрүүлөрдү берүү жөнүндө (Бишкек шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык) Калкка кошумча кызматтарды көрсөтүү, алардын кээ бир категорияларын социалдык жактан коргоону жогорулатуу максатында , Бишкек шаардык кеӊеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө укугу бар, ээсинин фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү менен, сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук картасы болгондо, жаш курагы боюнча пенсионерлер үчүн күн сайын саат 8.00дөн 21.00гө чейинки мезгилде, менчиктин түрүнө карабастан, 3000 куб. смдан ашпаган кыймылдаткыч көлөмү менен өзгөчө кичине класстагы автобуста жол жүрүүгө 8 сом өлчөмүндө тариф бекитилсин.

(Бишкек шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)

2. Бишкек шаарынын мэриясы акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө персонификациялаштырылган транспорттук карта берүү орунун аныктасын

(Бишкек шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтомуна редакциясына ылайык)

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Э.Суракматов
