# Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №110 "Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 "Женилдетилген типтеги объекттер учун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды беруу шарттары жана тартиби жонундо " токтомуна толуктоолорду киргизуу жонундо" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №110 "Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 "Женилдетилген типтеги объекттер учун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды беруу шарттары жана тартиби жонундо " токтомуна толуктоолорду киргизуу жонундо" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-571/edition/406816/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №110 "Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 "Женилдетилген типтеги объекттер учун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды беруу шарттары жана тартиби жонундо " токтомуна толуктоолорду киргизуу жонундо" токтому (20.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24349

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 2-декабры № 110

Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү шарттары жана тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Бишкек шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 275 токтомунун редакциясына ылайык)

Муниципалдык менчиктин объекттерин башкарууну натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле кирешелерди тескөөнү оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү шарттары жана тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү шарттары жана тартиби жөнүндө" жобого төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- 8-бөлүктүн 8.1-пунктундагы "Функционалдык багыттын коэффициенти К1 - барабар" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- 2 - гараждар, күзөт жайлары ж.б.у.с.;".

2. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү шарттары жана тартиби жөнүндө" токтомунун 2-тиркемеси "Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук башчысы" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Бишкек шаары боюнча салыктар жана жыйымдар боюнча Мамлекеттик комитетинин башкармалыгы (кеңешүү добушунун укугу менен) - 1 макулдашуу боюнча"; "- "Үгүт" Жарнамалык-маалымат агенттиги (кеңешүү добушунун укугу менен) - 1 макулдашуу боюнча.

3. Гараждар үчүн муниципалдык жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүүдө ижара акысын төлөөдөн төмөндөгүлөр бошотулсун:

- Кыргыз Республикасынын Баатырлары;

- Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары;

- Баатыр энелер;

- үч даражадагы Даңк жана Эмгек Даңкы ордендери менен сыйлангандар;

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары Жана катышуучулары;

- мамлекет аралык макулдашуу боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушта катышкан аскер адамдары;

- СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда, же фронтко келгенге байланышкан оорунун аркасында болгон жаракаттын, контузиянын же майыптын кесепетинен аскер кызматындагылардын ичинен майыптыкты алган жактарды;

- аскер кызматкерлеринин көрсөтүлгөн категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңдеш ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды;

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жесирлери;

- Чернобыль АЭСинин авариясын жоюунун катышуучулары;

- бала кезинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды;

- I жана II топтун майыптыгы бар жактарды.

(Бишкек шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 275 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Э.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

А.Суракматов
