# Ош шаардык кенешинин 2009-жылдын 19-ноябрындагы №138 "Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы кезектеги XV сессиясында кабыл алынган № 129- токтомун жокко чыгаруу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кенешинин 2009-жылдын 19-ноябрындагы №138 "Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы кезектеги XV сессиясында кабыл алынган № 129- токтомун жокко чыгаруу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-558/edition/337578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кенешинин 2009-жылдын 19-ноябрындагы №138 "Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы кезектеги XV сессиясында кабыл алынган № 129- токтомун жокко чыгаруу жөнүндө"токтому (19.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24332

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ

( II ЧАКЫРЫК)

2009- жылдын 19-ноябры №138 Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы кезектеги XV сессиясында кабыл алынган № 129-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 2-ноябрындагы № 378/01-07 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министирлигинин Ош шаардык башкармалыгынын убактылуу пайдалануусундагы шаардык №3-аймактык ооруканасындагы эски мончо-кир жуучу имаратын бузуп, ордуна заманбап мончо-кир жуучу жайды курууга уруксат берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2009-жылдын 11-ноябрындагы №19-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып жана КР "Граждандык кодексинин" 231-беренеси,КР "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 8-ктябрындагы кезектеги XV сессиясында кабыл алынган №129-токтому күчүндө калтырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы

Д.Алимбеков
