Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы кезектеги XV сессиясында кабыл алынган № 129- токтомун жокко чыгаруу жөнүндө»токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
( II ЧАКЫРЫК)
2009- жылдын 19-ноябры №138 Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы кезектеги XV сессиясында кабыл алынган № 129-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 2-ноябрындагы № 378/01-07 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министирлигинин Ош шаардык башкармалыгынын убактылуу пайдалануусундагы шаардык №3-аймактык ооруканасындагы эски мончо-кир жуучу имаратын бузуп, ордуна заманбап мончо-кир жуучу жайды курууга уруксат берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2009-жылдын 11-ноябрындагы №19-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып жана КР "Граждандык кодексинин" 231-беренеси,КР "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 8-ктябрындагы кезектеги XV сессиясында кабыл алынган №129-токтому күчүндө калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37