# Баткен шаардык кенешинин 2009-жылдын 30-сентябрындагы №9-12 "Баткен шаарынын «Элита» шаарчасынын башкы планына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кенешинин 2009-жылдын 30-сентябрындагы №9-12 "Баткен шаарынын «Элита» шаарчасынын башкы планына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9-12
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-555/edition/333224/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кенешинин 2009-жылдын 30-сентябрындагы №9-12 "Баткен шаарынын «Элита» шаарчасынын башкы планына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ" токтому (30.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24328

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеӊешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2009-жылдын 30-сентябры №9-12 Баткен шаарынын «Элита» шаарчасынын башкы планына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар» жѳнүндѳгү 2008-жылдын 29-майындагы №99 Мыйзамынын 18-статьясына ылайык жана И.Жусупов кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Элита» шаарчасындагы Баткен шаарынын мэриясынын административдик имаратына калтырылган жер аянтына мэриянын административдик имараты батпагандыгына байланыштуу жер ажаштыруу зарылдыгы келип чыккандыктан жер аянттарынын сатып алышкан жер ээлеринин кат түрүндѳгү макулдуктарынын негизинде Баткен шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын И.Жусупов кѳчѳсүндѳгу «Элита» шаарчасынын башкы планына тѳмѳнкү тартипте ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин.

!)Жеке ишкер Минбаев Шарипке таандык №8 ресторан куруу учун калтырылган 0,24 аянты мэриянын имаратын куруу үчүн Башкы план ѳзгѳртүлүп берилсин.

2) Жеке ишкер Ходжев Жумабайга таандык №9 тейлѳѳ уйу учун бѳлүнүп берилген -жеке ишкер Абдрасулова Рахатка таандык мончо-сауна үчүн бѳлүнүп берилген -0,12 жep (бириктирилип) жеке ишкер Минбаев Шарипке жалпысынан 0,24 га жер аянты ресторан куруу үчүн башкы план ѳзгѳртүлүп берилсин.

3) Бүгүнкү күндѳ дүкѳн жана офис учун калтырылган -0,08 га жер аянты баня сауна үчүн жеке ишкер Абдрасулова Рахатка башкы план ѳзгѳртүлүп берилсин

4) Бүгүнкү күндѳ ашкана үчүн калтырылган -0,08 га жер аянты тейлоо үчүн куру учун ишкер Ходжаев Жумабайга башкы план ѳзгѳртүлүп берилсин.

2. Ушул токтомдун юридикалык жактарын камсыз кылуу жагы Баткен шаардык архитектура жана курулуш бѳлүмүнѳ жана Баткен шаардык жерди мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү жана жерге жайгаштыруу бѳлүмүнѳ жүктѳлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы курулуш, ѳнѳр жай коммуникация маселелери боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.

Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы

М.Султанов
