# Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 5-декабрындагы № 542 "Бишкек шаарындагы автотоктотмолорду жана автокоюларды уюштурууга байланышкан маселелер жөнүндө "токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 5-декабрындагы № 542 "Бишкек шаарындагы автотоктотмолорду жана автокоюларды уюштурууга байланышкан маселелер жөнүндө "токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 542
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/24092/edition/574972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 5-декабрындагы № 542 "Бишкек шаарындагы автотоктотмолорду жана автокоюларды уюштурууга байланышкан маселелер жөнүндө "токтому (05.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24092

---

КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Бишкек шаардык Адилет Башкармасында 2008-жылдын 30-декабрында

каттоодон өткөн. Каттоо номери № 28-1-08

Бишкек шаары

2008-жылдын 5-декабры № 542

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаарындагы автотоктотмолорду жана автокоюларды

уюштурууга байланышкан маселелер жөнүндө

Азыркы көчө - жол тармагынын транспорттук инфраструктурасын

Өнүктүрүү максатында, автотранспорттун ылдамдык режимин оптимизациялоо,

жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмүн жакшыртуу

жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн, Кыргыз Республикасынын

"Жергиликтүү өзалдынча башкаруусу жана жергиликтүү мамлекеттик администра-

циясы жөнүндө" мыйзамынын 18, 39-статьяларынын жана Кыргыз Республикасынын

"Автомобилдик жолдор жөнүндө" мыйзамынын 7, 27-статьяларынын негизинде:

токтом кылам:

1. Шаардын көчөлөрүндөгү автотранспорттук (анын ичинде меймандар-

дын) каражаттарынын жолдун жээгинде тосмолорду орнотуусуз жана кирүүсү

жана чыгуусу жок автотоктотмолорун жана автокоюуларын уюштуруу токтотулсун.

2. Муниципалдык менчик башкармалыгы (Бейшенбаев Р.К.), Жол курулуш

башкармалыгы (Алыкулов К.К.), Бишкек шаарынын ИИББнын МАИБсы (Сатаров Т.С.)

жана Бишкекбашкыархитектура (Турсунбаев О.А.) менен бирдикте бир айлык

мөөнөттө:

-Бишкек шаарынын муниципалдык жолдорун пайдалануунун жана сактоонун

эрежелерин;

-айрым кесилиштердин жана магистралдык багыттардын өткөрүү жөндөмүн

жогорулатуучу локалдуу реконструктивдик иш-чаралардын программасын иштеп

чыксын жана Бишкек шаарынын мэриясына берсин.

3. Бул токтом Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында катталсын

жана массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр А.В. Филатовго

жүктөлсүн.

Бишкек шаарынын мэри Н.Тюлеев
