Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кенешинин «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-июну № 84 "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 12-февралындагы № ПЖ-48 "Кыргызстан Республикасында балдардын мектепке чейинки мекемелеринде балдарды күтүү жөнүндө" Жарлыгын жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 11 "Комиссия түзүү жөнүндө" буйругун аткаруу үчүн, калкты социалдык жактан колдоо жана аз камсыз болгон жарандарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүдө айкындыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Таштанаалы уулу Кубанаалынын демилгеси боюнча, Бишкек шаардык кеңеш, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө" жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелери бул токтомду жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү чара көрсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары жана райондук билим берүү борборлору:
- "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктер жөнүндө" жобо ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берсин;
- жеңилдиктерди берүү тартиби жөнүндө маалыматты ата-энелерге жеткирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары В.М.Лисниченкого жана Бишкек шаарынын вице-мэри Э.С.Иманалиевага жана жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
А.Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.