# Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 77 "Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 77 "Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-523/edition/577352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 77 "Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (29.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24078

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-июну № 77 Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 55 "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик-укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо боюнча ишти натыйжалуу уюштуруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бекитилсин (тиркелет).

2. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 48 "Бишкек шаарын көрктөндүрүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.В. Корниенкого жүктөлсүн.

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

А. Суракматов
