# Бишкек шааардык кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 65 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шааардык кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 65 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/24068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-515/edition/576330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/24068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шааардык кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 65 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (20.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/24068

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-апрели № 65 Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын ишин жөнөкөйлөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- Жобонун 6-бөлүмүнүн 6.18.3-кичи пунктунун 1-абзацы "же биринчи этап өткөн күнү комиссия тарабынан ошол эле күнү экинчи этапты өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда" деген сөздөр менен толукталсын;

- Жобонун 7-бөлүмүнүн 7.7-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы редакцияда баяндалсын: "Жеңүүчү деп табылган жак тарабынан соодалоо өткөрүлгөн учурдан тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде токтомдун долбоорлору жана ижара келишимдери кол коюлат. Ошону менен бирге 10 (он) жумушчу күн өткөндөн кийин долбоорлорго кол коюлбаса, жеңүүчү жер участогуна укуктан баш тарткан болуп эсептелет да кайра соодалоого коюлат. Токтомдун долбоорлорун жана жер участогунун ижара келишимдерин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы даярдайт";

Жобонун 8-бөлүмү төмөнкү мазмундагы 8.4.1-пункт менен толукталсын: "Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунда көрсөтүлгөн жер участогунун коп функционалдуу болсо, мындай жер участогун пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрүн эсептөөдө анын аянттарын шарттуу бөлүү жүргүзүлөт.";

- 8.6-пункт "бирок эки жылдан ашпоосу керек" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы өздүк ченемдик-укуктук актыларын бул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

А. Суракматов
