Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шааардык кеңешинин «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 „Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кенеша от 20 декабря 2011 года № 288 "Об утверждении Положений, регулирующих порядок и условия предоставления прав собственности или аренды на земельные участки, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-12-20.
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-апрели № 65 Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын ишин жөнөкөйлөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында ижара шартында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Жобонун 6-бөлүмүнүн 6.18.3-кичи пунктунун 1-абзацы "же биринчи этап өткөн күнү комиссия тарабынан ошол эле күнү экинчи этапты өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- Жобонун 7-бөлүмүнүн 7.7-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы редакцияда баяндалсын: "Жеңүүчү деп табылган жак тарабынан соодалоо өткөрүлгөн учурдан тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде токтомдун долбоорлору жана ижара келишимдери кол коюлат. Ошону менен бирге 10 (он) жумушчу күн өткөндөн кийин долбоорлорго кол коюлбаса, жеңүүчү жер участогуна укуктан баш тарткан болуп эсептелет да кайра соодалоого коюлат. Токтомдун долбоорлорун жана жер участогунун ижара келишимдерин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы даярдайт";
Жобонун 8-бөлүмү төмөнкү мазмундагы 8.4.1-пункт менен толукталсын: "Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунда көрсөтүлгөн жер участогунун коп функционалдуу болсо, мындай жер участогун пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрүн эсептөөдө анын аянттарын шарттуу бөлүү жүргүзүлөт.";
- 8.6-пункт "бирок эки жылдан ашпоосу керек" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы өздүк ченемдик-укуктук актыларын бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы
А. Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабры № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын…Постановление · 20.12.2011 · № 288
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 9 июля 2003 года № 189 "О порядке предоставления земельных участков в срочное (временное) пользование на условиях аренды в городе…Постановление · 09.07.2003 · № 189 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабры № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын…Постановление · 20.12.2011 · № 288
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 9 июля 2003 года № 189 "О порядке предоставления земельных участков в срочное (временное) пользование на условиях аренды в городе…Постановление · 09.07.2003 · № 189 · Күчүн жоготкон