Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского горкенеша от 3 декабря 2010 года № 199 "Об утверждении тарифа на содержание и техническое обслуживание муниципальных лифтов в многоэтажных жилых домах города Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-12-03.
Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 199 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-апрели № 61 Бишкек шаарынын турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө тарифти бекитүү жөнүндө Муниципалдык лифт чарбасын тийиштүү техникалык тейлөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы турак жайды менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамынын 13-статьясынын, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 19-статьясынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир айда үчүнчү жана кийинки кабаттарда жайгашкан квартиранын жалпы аянтынын 1 кв.м үчүн (балкон жана лоджийлердин аянты эсептелбестен) 1,7 сом өлчөмүндө, анын ичинде квартиранын жалпы аянтынын 1 кв.м үчүн элдин эсебинен 1,0 сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 0,7 сом турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө жана техникалык тейлөөгө тарифтер бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- 2009-жылга шаардык бюджетте "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын баштапкы ишин камсыздоого, анын ичинде күтүүгө, профилактикалык иштерди жүргүзүүгө, муниципалдык жүргүнчүлөр лифттерди текшерүүгө, лифттерди утурумдук ремонттон өткөрүү үчүн керектүү материалдарды сатып алууга, лифттик авариялык кызматты күтүүгө, лифтерлорго айлык акы төлөөгө жана башка чыгымдарды карап чыксын;
- муниципалдык лифт чарбасын тийиштүү күтүүнү жана иштөөсүн камсыз кылсын;
- Бишкек шаардык кеңешине 2009-жылдын 1-сентябрына карата бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Лифттерди тейлөө боюнча адистештирилген уюмдар:
- 1992-жылдын 12-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Мамшаартех көзөмөлдөө тарабынан бекитилген лифттерди орнотуу жана коопсуз эксплуатациялоо Эрежелерине жана башка ченемдик документтерге ылайык, турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди өз убагында ремонттоону, техникалык тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыз кылсын;
- жарандардын төмөнкү категорияларына өз кирешелеринин эсебинен квартиранын жалпы аянтынан 35 кв.м үчүн 50% өлчөмүндө жеңилдиктерди берүүнү сунуштасын:
- үй-бүлөнүн ишке жарактуу мүчөлөрүнөн өзүнчө жашаган пенсионерлерге;
- башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине жана 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына катышкандарга.
4. Бул токтом кабыл алынгандыгына байланыштуу Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 10-июлундагы № 225 "Бишкек шаарындагы турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.В.Корниенкого жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
А. Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 199 "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө жана техникалык жактан тейлөөгө тарифти…Постановление · 03.12.2010 · № 199
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 10 июля 2006 года № 225 "Об утверждении тарифа на содержание муниципальных лифтов в жилых домах города Бишкек"Постановление · 10.07.2006 · № 225 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 199 "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө жана техникалык жактан тейлөөгө тарифти…Постановление · 03.12.2010 · № 199
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 10 июля 2006 года № 225 "Об утверждении тарифа на содержание муниципальных лифтов в жилых домах города Бишкек"Постановление · 10.07.2006 · № 225 · Күчүн жоготкон
- О приватизации жилищного фонда в Кыргызской РеспубликеЗакон · 20.12.1991 · № 681-XII · Күчүн жоготкон