# Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 90/XXIII-1 "Кайынды шаардык кеңешинин депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөткө чейин жыйыштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 90/XXIII-1 "Кайынды шаардык кеңешинин депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөткө чейин жыйыштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 90/XXIII-1
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/240381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-28133/edition/649835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/240381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 90/XXIII-1 "Кайынды шаардык кеңешинин депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөткө чейин жыйыштыруу жөнүндө" токтому (01.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/240381

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 1-апрели № 90/XXIII-1 Кайынды шаардык кеңешинин депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөткө чейин жыйыштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013 - жылдын жалган куран айынын 14 - дөгү №16, жетинин айынын 16 - дагы №192 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” Мыйзамынын 24 беренесинин, 2 абзацынын, 2 пунктунун негизинде Молдалиева Б.Дж. “Депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөтүнө чейин жыйыштыруу жөнүндө” арызын карап-талкуулап, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. СДПК саясый партиясынан шайланган Молдалиева Б.Дж. арызына макулдук берилсин.

2. СДПК саясый партиясынан шайланган Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Молдалиева Б. Дж. аныктамасынын кыймылы жана төш белгисинин кыймылы токтотулсун.

3. Панфилов районунун аймактык шайлоо комиссиясынын алдында Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар курамына СДПК саясый партиясынын тизме боюнча кийинки талапкер киргизилишин өтүнсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кайыңды шаардык Кеӊешинин төрагасы

У.Б. Абдрасулов
