# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы №8 "Отуз-Адыр айылдык округунун бардык категорияларындагы чарбаларында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо боюнча ишке тартылган санакчыларга кызмат акын төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы №8 "Отуз-Адыр айылдык округунун бардык категорияларындагы чарбаларында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо боюнча ишке тартылган санакчыларга кызмат акын төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/23979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-461/edition/334986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/23979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы №8 "Отуз-Адыр айылдык округунун бардык категорияларындагы чарбаларында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо боюнча ишке тартылган санакчыларга кызмат акын төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому (26.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/23979

---

ОТУЗ - АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V сессиясы (төртүнчү шайланган)

2011-жылдын 26-ноябры №8 Отуз-Адыр айылдык округунун бардык категорияларындагы чарбаларында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо боюнча ишке тартылган санакчыларга кызмат акын төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №287 токтомун жана анын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин программасын, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 24-ноябрындагы №217-б буйругун Отуз-Адыр айылдык округунда аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык округунда 1-30-декабрь күндөрү аралыгында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо иштерине ишке тартылган ар бир санакчыга 1,0 миң сомдон, жалпы суммасы 26,0 миң сом акча каражаты айлык акы катары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттардын эсебинен төлөнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (А.Базибай уулу) жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Отуз-Адыр айылдык кеңештин төрагасы

О. Айдаров
