Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин «Отуз-Адыр айылдык округунун бардык категорияларындагы чарбаларында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо боюнча ишке тартылган санакчыларга кызмат акын төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
ОТУЗ - АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V сессиясы (төртүнчү шайланган)
2011-жылдын 26-ноябры №8 Отуз-Адыр айылдык округунун бардык категорияларындагы чарбаларында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо боюнча ишке тартылган санакчыларга кызмат акын төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №287 токтомун жана анын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин программасын, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 24-ноябрындагы №217-б буйругун Отуз-Адыр айылдык округунда аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык округунда 1-30-декабрь күндөрү аралыгында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо иштерине ишке тартылган ар бир санакчыга 1,0 миң сомдон, жалпы суммасы 26,0 миң сом акча каражаты айлык акы катары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттардын эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (А.Базибай уулу) жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңештин төрагасы
О. Айдаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №287 "011-жылга Кыргыз Республикасында Статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2010 · № 287 · Күчүн жоготкон