# Ош шаардык кеңешинин 2009-жылдын 12-февралындагы № 80 "Короо жай участкасын жана бакча чарбагына арналган участканы, калк жайгашкан аймактагы жана айыл чарбачылыгына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун экономикалык пландаштыруу зонасын жана зоналаштыруу коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2009-жылдын 12-февралындагы № 80 "Короо жай участкасын жана бакча чарбагына арналган участканы, калк жайгашкан аймактагы жана айыл чарбачылыгына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун экономикалык пландаштыруу зонасын жана зоналаштыруу коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/23941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-424/edition/584856/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2009-жылдын 12-февралындагы № 80 "Короо жай участкасын жана бакча чарбагына арналган участканы, калк жайгашкан аймактагы жана айыл чарбачылыгына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун экономикалык пландаштыруу зонасын жана зоналаштыруу коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому (20.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/23941

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезексиз Х сессиясы (II чакырылышы)

2009-жылдын 13-февралы № 80 Короо жай участкасын жана бакча чарбагына арналган участканы, калк жайгашкан аймактагы жана айыл чарбачылыгына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун экономикалык пландаштыруу зонасын жана зоналаштыруу коэффициентин бекитүү жөнүндө (Ош шаардык кеӊешинин 2010-жылдын 20-майынын №168 токтомуна ылайык) "Короо жай участкасын жана бакча чарбагына арналган участканы, калк жайгашкан аймактагы жана айыл чарбачылыгына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун экономикалык пландаштыруу зонасын жана зоналаштыруу коэффициентин бекитүү жөнүндөгү" Ош шаардык Салыктар жана жыйымдар боюнча Мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын 2009-жылдын 11-декабрындагы № 04-7/834-катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана каражат маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 12-январындагы №3-токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Короо жай участкасын жана бакча чарбагына арналган участканы, калк жайгашкан аймактагы жана айыл чарбачылыгына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун экономикалык пландаштыруу зонасын жана зоналаштыруу коэффициенти 0,3ден, 1,2 чейин бекитилсин №1-тиркеме тиркелет).

- Биринчи зонанын коэффициенти -1,2;

- Экинчи зонанын коэффициенти -1,1;

- Үчүнчү зонанын коэффициенти - 1,0;

- Төртүнчү зонанын коэффициенти - 0,95;

- Бешинчи зонанын коэффициенти - 0,9;

- Алтынчы зонанын коэффициенти -0,8;

- Жетинчи зонанын коэффицинти- 0,3.

(Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-майынын №168 токтомуна ылайык)

2. Калктын калыӊ катмарына жеткирүү максатында бул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын.

3. Бул токтомду Ош шаардык адилет башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин башкы адис-юристине (М.Авазов) тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана каражат маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.

Председатель Ошского городского кенеша депутатов

Д.Алимбеков
