# 9-берене. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга заказдарды түзүү жана жайгаштыруу

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/238)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 16.07.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2014 года № 78 "О государственном материальном резерве"](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/238#diff=541019..541020>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-225/edition/541019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/238/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 9-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-9

---

1. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга заказдар менчигинин таризине жана уюштуруу-укуктук таризине карабастан, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жайгаштырылат.

2. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге тапшырууга мамлекеттик заказчы болуп саналат.

3. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

мамлекеттик материалдык резерв тутумундагы чыгашалардын структурасы боюнча тийиштүү жылга республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды түзөт; алар менен мамлекеттик контракт (келишим) түзүү үчүн материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге тапшыруучуларды тандоону (анын ичинде конкурстук негизде) ишке ашырат; материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге тапшырууга мамлекеттик контрактыларды (келишимдерди) түзүүдө конктреттүү алуучуларды аныктайт, тапшыруучулар менен номенклатураны, материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу көлөмүн, сапатын, баасын жана мөөнөттөрүн карайт жана макулдашат; мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге материалдык дөөлөттөрдү тапшырууга мамлекеттик контракттарды (келишимдерди) түзөт же бул ишти ведомствого караштуу аймактык органдарга тапшырат; мамлекеттик контрактка (келишимге) ылайык мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге тапшырылуучу материалдык дөөлөттөр үчүн тапшыруучулар менен эсеп-кысапты камсыз кылат.

4. Товар рыногунда үстөмдүк кылган тапшыруучулар, ошондой эле монополист ишканалар жана өндүрүшүнүн көлөмүндө мамлекеттик коргонуу заказы 70 проценттен ашкан ишканалар материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга мамлекеттик контракт (келишим) түзүүдөн баш тартууга укуксуз.

5. Ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн тапшыруучулар материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга мамлекеттик контракт (келишим) түзүүдөн баш тарткан же контракт (келишим) түзүү жөнүндө сунушка 20 күн бою жооп албаган учурда мамлекеттик заказчы жана анын аймактык органдары мындай тапшыруучуларды мамлекеттик контракт (келишим) түзүүгө мажбурлоо жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

6. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду контрактык келишимдик) негизде республикалык аткаруучу бийлик органдарына, ошондой эле менчигинин таризине жана уюштуруу-укуктук тариздерине карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга заказдарды жайгаштыруу боюнча өз милдеттеринин бир бөлүгүн берүүгө укуктуу.

7. Мамлекеттик заказчы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде контракт боюнча контрагентке мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү конкреттүү алуучуларга чыгаруу үчүн милдеттүү болгон жүктөп жөнөтүүчү разнарядкаларды берүүгө укуктуу.

8. Мамлекеттик материалдык резерв фонду Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде материалдык дөөлөттөрдүн наркы алдын ала төлөнгөндөн кийин гана конкреттүү алуучуларга мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү берүүгө жооптуу сактоочуларга наряд берет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-10)
