# 7-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын мамлекеттик материалдык резервге карата ыйгарым укуктары

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/238)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 16.07.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2014 года № 78 "О государственном материальном резерве"](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-225/edition/541019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/238/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 7-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-7

---

Мамлекеттик бийлик органдары: областтык мамлекеттик администрациялар, Бишкек шаарынын мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары: өздөрүнө караштуу аймактарда мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү сактоо үчүн ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды жайгаштырууга макулдук берет; өздөрүнө караштуу аймактарда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн запастарын түзүү, сактоо жана пайдалануу жагынан колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылат; менчигинин таризине жана мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү тапшырууга уюштуруу-укуктук таризине карабастан, мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү тапшырууга жана аларды жооптуу сактоого өзүнө караштуу аймактарда жайгашкан ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен келишим түзүүгө көмөк көрсөтөт; өзүнө караштуу ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мобилизациялык резервдин түзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат; зарыл учурда мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү алып туруу же бронун алуу жөнүндө өтүнүчтөр менен ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү салуу жөнүндө сунуштар менен белгиленген тартипте кайрылышат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-8)
