# 4-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинин бирдиктүү тутуму

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/238)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 16.07.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2014 года № 78 "О государственном материальном резерве"](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-225/edition/541019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/238/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 4-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-4

---

1. Мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык дөөлөттөрүн башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду түзүлөт.

2. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана анын аймактык органдары жооптуу сактоочу -ишканалардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин таризине карабастан, мамлекеттик материалдык резервдердин запастарынын түзүлүшү, сакталышын жана сактоо шарттарын контролдоону уюштурат жана ишке ашырат.

Мамлекеттик материалдык резервдерди республиканын министрликтери, администрациялык ведомстволору жана аларга караштуу ишканалары, уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен номенклатурага жана топтоо ченемдерине ылайык биринчи кезектеги тартипте түзөт.

3. Мамлекеттик материалдык резерв тутумунун структурасы жана мамлекеттик материалдык резервди башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-5)
