# 2-берене. Терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/238)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 16.07.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2014 года № 78 "О государственном материальном резерве"](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-225/edition/541019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/238/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 2-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: жооптуу сактоочу - менчигинин таризине карабастан, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду) аныктаган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн сактоочу чарба жүргүзгөн субъект; номенклатура - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тапшырманын негизинде менчигинин таризине карабастан, министрликтер (ведомстволор), мамлекеттик комитеттер, концерндер, ишканалар менен бирдикте иштеп чыккан материалдык дөөлөттөрдүн тизмеси, алардын жылдары боюнча топтолуу өлчөмдөрү жана ченемдери; тапшыруу жана даярдоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жооптуу сактоочуларды номенклатураларга жана бир жолку тапшырууларга ылайык, зарыл материалдык дөөлөттөр менен камсыз кылуу боюнча сырье жана мамлекеттик мобилизациялык резервдердин материалдарын өндүрүүчүлөргө жана жабдуучу структураларга тапшырмасы; салуу - ченемдик документтерге ылайык жооптуу сактоочулар тарабынан материалдык дөөлөттөрдү сапаты жана саны боюнча узак сактоого алуу, № 1 тариз боюнча актыларды жана сактоо милдеттенмелеринин актыларын Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна берүү; сактоо милдеттенмелеринин актысы - жооптуу сактоочу тарабынан толтурулуп, жетекчи, башкы бухгалтер, лаборатория башчысы жана материалдык жактан жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлүп жана мөөр басылуучу ченемдик документ; № 1 тариз боюнча акт - жооптуу сактоочу толтуруп, жетекчи, башкы бухгалтер, атайын бөлүмдүн зардалы күбөлөндүрүп жана мөөр басылуучу ченемдик документ; сактоо - сырьелорду, материалдарды жана товарларды узак сактоодо эрежелерге жана нускамаларга ылайык жооптуу сактоочу тарабынан өзгөчөлөнүп бөлүнгөн, жабдылган, кайтарылуучу, пломбулануучу жайда сактоону камсыз кылуу; жаңылоо - жооптуу сактоочулардын өз каражатынын эсебинен ошондой эле товарларды жана материалдарды бир учурда салуу менен сакталуу мөөнөтү өтүп кеткен материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу; которуштуруу - Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун наряды боюнча бир пункттан экинчи сакталуучу пунктка которулат; алып туруу - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн чечиминде белгиленген мөөнөттөн мурда алынган материалдык дөөлөттөрдү бирдей санда ага кайтаруу менен өндүрүштүк муктаждыктар үчүн материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу; бронун алуу - кийин кайтарып бербестен, же белгиленген мөөнөтүндө кайтарып берүү менен мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү чыгаруу; алмаштыруу - тапшырмада каралган буюмдарды даярдоо стандарттарынын жана технологиясынын өзгөрүүсүнө байланыштуу ага бир эле учурда бирдей сандагы ошондой же башка бир типтүү материалдык дөөлөттөрдү коюу менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү чыгаруу; наряд - жооптуу сактоочуну мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн чыгарууга, которуштурууга, алмаштырууга милдеттендирген документ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу жана указдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна жана токтомуна ылайык мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан берилет. Атайын баланс - мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана жооптуу сактоочу ишканалардын мамлекеттик жана мобилизациялык резервдеринин негизги каражаттарынын жана материалдык дөөлөттөрүнүн бухгалтердик эсеби. Алар № 4 тариз боюнча мамлекеттик жана мобилизациялык резервдер боюнча өз-өзүнчө бөлөк атайын баланс менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-3)
