Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөр менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча мүлктүк жоопкерчилик
Күчүн жоготкон · 26.05.2014 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 мая 2014 года № 78.
1. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү өз алдынча алып коюу мамлекеттик менчикти уурдоо катары бааланат.
2. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү өз алдынча пайдаланууга жана чыгымдоого күнөөлүү болгон жетекчи жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык тартибинде жекече жоопкерчилик тартат.
3. Мамлекеттик контракт (келишим) түзүүгө милдеттүүлүк колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген учурларда, тапшыруучу материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга мамлекеттик контракт (келишим) түзүүдөн негизсиз баш тартса, тапшыруучу мамлекеттик контракттын (келишимдин) долбоорунда аныкталган продукциянын наркынын көлөмүндө жазапул төлөйт.
4. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууну (салууну) узартып жибергендиги, кем тапшыргандыгы (толук эмес салгандыгы) үчүн тапшыруучу (мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн жооптуу сактоону ишке ашырууга милдеттүү болгон ишканалар, мекемелер, уюмдар) кем берилген (салынбаган) материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 50 проценти өлчөмүндө айып төлөйт. Айып төлөм тапшыруунун мурунку мезгилинде продукциянын кем берилген санын эске алуу менен, милдеттенме иш жүзүндө аткарылганга чейин өндүрүлөт. Айып төлөмдү төлөөдөн тышкары тапшыруучу (мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү жооптуу сактоого милдеттүү болгон ишкана, мекеме, уюм) алуучу тарткан чыгашаны төлөп берет.
5. Убактылуу пайдаланууга алынган материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге өз учурунда кайтарбагандыгы үчүн алуучу кайтарылбаган материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 100 проценти өлчөмүндө жазапул жана милдеттенмеси толук аткарылганга чейин созулуп кеткен ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,5 проценти өлчөмүндө туума айып төлөйт.
6. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү жөнөтүү жөнүндө Мамлекеттик материалдык резерв фондунун жана анын аймактык органдарынын көрсөтмөлөрүн өз учурунда аткарбагандыгы үчүн көрсөтүлгөн дөөлөттөрдү жооптуу сактоону ишке ашыруучу ишканалар, мекемелер, уюмдар мөөнөтүндө жүктөлүп жөнөтүлбөгөн материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 100 проценти өлчөмүндө жазапул жана милдеттенмеси толук аткарылганга чейин мөөнөтүнөн өтүп кеткен ар бир күн үчүн дөөлөттөрдүн наркынын 0,5 проценти өлчөмүндө туума айып төлөйт.
7. Мамлекеттик материалдык резервге узак сактоо үчүн жараксыз болгон, комплектиленбеген же өзүнүн сапаты жана ассортименти боюнча мамлекеттик контракттын (келишимдин) шарттарына ылайык келбеген материалдык дөөлөттөрдү тапшыргандыгы (салгандыгы) үчүн, даярдоочу (тапшыруучу, мамлекеттик материалдык резервди жооптуу сактоону ишке ашырган ишкана, мекеме, уюм) бракка чыгарылган - мамлекеттик контракттын (келишимдин) шарттарына ылайык келбеген материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 20 проценти өлчөмүндө жазапул төлөйт.
8. Мамлекеттик материалдык резервге маркаланбаган же туура эмес маркаланган материалдык дөөлөттөрдү же туура эмес тарада (таңгакта) тапшырылган материалдык дөөлөттөрдү тапшыргандыгы (салгандыгы) үчүн, колдонуудагы стандарттарга ылайык келбеген пакеттөө каражаттарын пайдалангандыгы үчүн даярдоочу (тапшыруучу) көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 5 проценти өлчөмүндө жазапул төлөйт. Даярдочу (тапшыруучу) бир айдын ичинде брака чыгарылган материалдык дөөлөттөрдү, тараны (таңгакты) алмаштырууга, маркасын калыбына келтирүүгө же оңдоого милдеттүү.
9. Мамлекеттик материалдык резервге тапшырылган (салынган) материалдык байкалбаган өндүрүштүк кемтиктер табылган учурда мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөр тапшырылган (салынган) убагына жана көрсөтүлгөн кемтиктерди тапкан убагына карабастан, көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдү сактоонун белгиленген режимдери сакталган шартта даярдоочу (тапшыруучу) мүлктүк жоопкерчилик тартат.
10. Жооптуу сактоо пункттарында сакталып турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн саны жагынан сакталышын камсыз кылбагандыгы үчүн, мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн жооптуу сакталышын ишке ашырган ишканалар, мекемелер жана уюмдар мамлекеттик материалдык резервдеги жетпеген материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 100 проценти өлчөмүндө жазапул, ошондой эле жетпеген материалдык дөөлөттөр мамлекеттик материалдык резервде толук калыбына келтирилгенге чейинки ар бир күн үчүн анын наркынын 0,5 проценти өлчөмүндө туума айып төлөйт.
11. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү салуу боюнча товарсыз операцияларды жол-жоболоштуруу учурлары аныкталганда, жооптуу сактоону ишке ашырган ишканалар, мекемелер жана уюмдар мамлекеттик материалдык резервге салынбаган материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 100 проценти өлчөмүндө жазапул, ошондой эле материалдык дөөлөттөр мамлекеттик материалдык резервге иш жүзүндө салынганга чейин көрсөтүлгөн операция жол-жоболоштурулган учурдан тартып, ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,5 проценти өлчөмүндө туума айып төлөйт.
12. Материалдык дөөлөттөр мамлекеттик материалдык резервден келишимде каралган мөөнөтүндө алынбаган учурда, алуучулар көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдү ушул мөөнөттөн ашык сактоо менен байланышкан чыгымдардын, ошондой эле алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген убактынын ичинде материалдык дөөлөттөрдүн сапатын төмөндөтүүдөн улам тарткан чыгымдардын жана көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдү жүктөп жөнөтүү үчүн берилген транспорт каражаттарын пайдаланбагандыгы жана бош туруп калгандыгы үчүн жазапул төлөөгө кетүүчү чыгымдардын ордун толтурушат.
13. Колдонуудагы мыйзамдарда келишим түзүүгө милдеттүүлүк белгиленген учурларда мамлекеттик материалдык резерв тутумунун объектилерин курууга, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга подряд келишим түзүүдөн подрядчы негизсиз четтеген
учурда, подрядчы индексацияны эске алуу менен келишимде аныкталган капиталдык салымдардын жылдык көлөмүнүн өлчөмүндө жазапул төлөйт.
14. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү сактоо эрежелери жана шарттары бузулган учурда, алар өз учурунда жаңыланып жана алмаштырылбаганда, ошондой эле бекитилген номенклатурага, колдонуудагы стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келбеген материалдык дөөлөттөр сакталган учурда, белгилүү отчет өз учурунда берилбегенде, жооптуу сактоону ишке ашыруучу ишканалар, мекемелер жана уюмдар тартип бузууга жол берилген операциялар боюнча материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 20 проценти өлчөмүндө жазапул төлөйт.
15. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү кабыл алуудан, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн мамлекеттик материалдык резерв тутумундагы ишканалар, мекемелер, уюмдар тапшыруучуга (сатып алуучуга) кабыл алуудан же берүүдөн негизсиз баш тартылган материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 50 проценти өлчөмүндө бышмана төлөйт.
16. Мамлекеттик материалдык резервге тапшырылган продукцияга өз учурунда акы төлөнбөгөндө, сатып алуучу тапшыруучуга өтүп кеткен ар бир күн үчүн 0,5 процент өлчөмүндө туума айып төлөйт.
17. Ушул беренеде каралган айып төлөмдү төлөө учурундагы материалдык дөөлөттөрдүн баасына таянуу менен төлөнөт.
18. Ушул берененин 4, 5, 6, 7 жана 10-пункттарында каралган айып төлөмдөрдү өндүрүү талашсыз тартипте ишке ашырылат.
19. Транспорт ишканалары жана уюмдары алуучуга тапшырылган жүктүн сапаты, салмагы, саны үчүн толук жоопкерчилик тартат, жана тийиштүү документтер менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдында отчет берет.
20. Ушул берененин 4-14-пункттары боюнча жазапул төлөө мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү толук көлөмүндө сапаттуу продукция катары тапшыруудан бошото албайт.
Берененин тексти 26.05.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/238/st-16" title="16-берене - Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>