# 15-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү ташууну камсыз кылуу

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/238)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 16.07.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2014 года № 78 "О государственном материальном резерве"](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-225/edition/541019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/238/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 15-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-15

---

1. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү ташуу транспорт ишканалары жана уюмдары тарабынан биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде мамлекеттик материалдык резервден чыгарылуучу, анын ичинде табият кырсыктарынын, авариялардын, кыйроолордун жана башка өзгөчө жагдайлардын кесепетин жоюу үчүн чыгарылуучу материалдык дөөлөттөр транспорт ишканалары жана уюмдары тарабынан жүккө алдын ала акы төлөтпөстөн ташылат.

3. Транспорт ишканалары жана уюмдары мамлекеттик материалдык резервдеги баардык материалдык дөөлөттөрдү салмагын жана орундун санын (жүктүн түрүнө жараша) милдеттүү түрдө текшерүү менен тапшырат жана кабыл алат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-16)
