# 13-берене. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик резервден чыгаруу негиздери жана тартиби

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/238)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 16.07.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2014 года № 78 "О государственном материальном резерве"](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-225/edition/541019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/238/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 13-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-13

---

1. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу:

- аларды жаңыртууга жана алмаштырууга байланыштуу;

- убактылуу алып туруу тартибинде;

- бронун алып салуу тартибинде жүргүзүлөт.

2. Ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн алардын жооптуу сактоочулары тарабынан жаңыртуу кошумча бюджеттик каражаттарды тартпастан, көрсөтүлгөн ишканалар менен уюмдар тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аларды жаңыртуунун жана алмаштыруунун башкача тартиби белгилениши мүмкүн.

3. Төмөндөтүлбөй турган запасты кошпогондо, алты айдан ашпаган мөөнөткө жана өтүп жаткан жылдын башталышына мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн көлөмүнүн 50 процентке чейинкисин алып туруу тартибинде материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу аткаруучу бийлик органдарынын, министрликтердин, ведомстволордун, жооптуу сактоочулардын сунуштары менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун наряддарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн, аталган наряддарда алуучулар, материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу мөөнөттөрү жана шарттары, аларды кайтаруу тартиби жана мөөнөттөрү аныкталат.

4. Алып туруу тартибинде мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү берүүдө алуучу (заемчу) ишкана, мекеме же уюм-материалдык дөөлөттөрдү ага белгиленген мөөнөтүндө кайтаруу боюнча гарантиялык милдеттенмесин берет.

5. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдарын алып туруу үчүн мамлекеттик мобилизациялык резерв жөнүндө Жободо белгиленген тартипте колдонуудагы рыноктук баалар боюнча акы төлөө жүргүзүлөт.

6. Бронун алып салуу тартибинде мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү чыгаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-14)
