# 11-берене. Мамлекеттик материалдык резервди жайгаштыруу

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/238)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июлундагы № 75 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 16.07.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2014 года № 78 "О государственном материальном резерве"](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-225/edition/541019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/238/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 11-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-11

---

1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн запастары мамлекеттик материалдык резервди сактоо үчүн атайын арналган ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик материалдык резервдин ишканаларын, мекемелерин жана уюмдарын, башка субъектилерин жайгаштыруу жана куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн запастарынын бир бөлүгү менчигинин таризине жана уюштуруу-укуктук тариздерине карабастан, өнөр жай, транспорт, айыл чарба, жабдуучу-сатып өткөрүүчү жана башка ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарды сакталышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн жооптуу сактоону ишке ашыруучу ишканалардын мекемелердин жана уюмдардын тизмеси, бул дөөлөттөрдүн номенклатурасы жана сактоо көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Мобилизациялык жана башка атайын тапшырмалар жүктөлгөн ишканалар, мекемелер жана уюмдар өздөрүнүн күчүнө жана каражатына таянып, көрсөтүлгөн тапшырмаларга ылайык материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервке жайгаштырууну, сактоону, өз учурунда жаңыртуу, алмаштырууну, ошондой эле материалдык дөөлөттөрдү чыгарууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Мобилизациялык материалдык резервди жооптуу сактоону ишке ашыруучу ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чыгымдарын кайтарып берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Мамлекеттик материалдык резервди топтоо ченемдери жөнүндө, тапшыруу, чыгаруу, салуу жөнүндө, жаңыртуу, топтоштуруу жана анын иш жүзүндөгү запастары жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сыр болуп саналат, аны чыгарып жиберүү мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/238/st-12)
