# КР Президентинин 2000-жылдын 17-августундагы ПУ № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2000-жылдын 17-августундагы ПУ № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-326/edition/448453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2000-жылдын 17-августундагы ПУ № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" жарлыгы (14.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2370

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2000-жылдын 17-августу ПУ № 208 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү указдары күчүн жоготту деп табылсын:

- 1998-жылдын 19-декабрындагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндөгү";

- 1999-жылдын 14-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы аудитордук иш боюнча мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндөгү".

- 1999-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу";

2. (КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы № 188 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын структурасын өркүндөтүү жөнүндө" Указынын 1- жана 3-пункттарында "инспекция" деген сөздөр "комиссия" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

5. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
